www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен Европа ортосунда сүйлөшүү жүргүзө турган ортомчу талапкерлердин арасында Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель да аталууда. Бул тууралуу Spiegel басылмасы жазды.
Евробиримдик Кремль менен диалогду кайра жандандыруу үчүн ортомчу боло турган саясатчыларды активдүү талкуулап жатканы айтылат.
Басылманын маалыматына ылайык, Меркелдин Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге салыштырмалуу артыкчылыгы, ал Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жеке тааныш жана орус тилин билет.
Бирок Ангела Меркель азырынча Европа тараптан ортомчу болууга даярбы же жокпу деген суроого жооп бере элек. Анын кеңсеси мурдагы канцлерге мындай сунуш түшө электигин билдирген.
Эске салсак, 9-май күнү Владимир Путин Европа тараптан сүйлөшүүчү катары Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шрёдер ылайыктуу болмок деген пикирин айткан. Бирок Германия өкмөтү бул сунушту дароо колдогон эмес. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Кая Каллас да Шрёдердин талапкерлигин четке кагып, аны “орус мамлекеттик компанияларынын лоббисти” деп атаган. Ошол эле учурда ал сүйлөшүүчү катары өз талапкерлигин сунуштаган.