www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада Жогорку антикоррупциялык сот Зеленскийдин аппаратынын мурдагы жетекчиси Андрей Ермакка 140 миллион гривна күрөө коюу мүмкүнчүлүгү менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады. Ермак көрсөтүлгөн сумманы төксө эркиндикте калат, болбосо камакка алынат.

Айыптоочу тарап соттон Ермакты камакка алууну жана күрөө катары 180 миллион гривна белгилөөнү сураган. Ошентип сот прокуратуранын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды.

Киевдин четиндеги элиталык курулушта 460 миллион гривнаны легалдаштырууга шектелип жаткан Ермакка бөгөт коюу чарасын Жогорку антикоррупциялык сот 12-майда карай баштаган.

Коррупцияга каршы адистештирилген прокуратуранын прокурору Валентина Гребенюк камакка алуу жана альтернативдүү күрөө өтүнүчүн негиздеп жатып Ермак чет өлкөдө да, Украинада да жашырынууга жетиштүү ресурсу бар экенин билдирди. Прокуратуранын маалыматы боюнча, учурда анын төрт дипломатиялык паспорту бар, эң акыркысынын мөөнөтү 2030-жылга чейин жарактуу.

Ермак өзүнө коюлган айыптарды негизсиз деп эсептейт. 13-майдагы отурумда ал күрөө үчүн 180 миллион гривнасы жок экенин айтты.

2025-жылдын ноябрында Украинанын президенти Владимир Зеленский аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирген. Бул окуя Ермактын үйүндөгү тинтүү учурунда болгон. Коррупцияга каршы улуттук бюро 28-ноябрда президенттин аппаратынын жетекчисинде тергөө амалдары жүрүп жатканын тастыктаган, бирок иштин чоо-жайын ачыктаган эмес.

Кызматтан кеткенден кийин Ермак фронтко аттана турганын, ошондой эле “ар кандай кесепеттерге даяр” экенин айтып, өзүн “ак ниет жана таза адам” деп эсептей турганын белгилеген.

Последние новости