www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев бейтаптардан түшкөн арыздардын негизинде Улуттук онкология жана гематология борборунун поликлиникасына күтүүсүз инспекция жүргүздү. Иш сапарынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы бейтаптарды кабыл алуу шарттары, медициналык персоналдын ишинин уюштурулушу, медициналык жабдуулардын абалы, мекеменин инфраструктурасы жана материалдык-техникалык жактан камсыздалышы менен таанышты. 

Адылбек Касымалиев жарандардын узун кезектер, иштин жетишсиз уюштурулушу жана бейтаптардын болуу шарттарына байланыштуу арыздарына өзгөчө көңүл бурду. Инспекциянын жүрүшүндө медициналык тейлөөнү уюштуруу жана ички иштерди координациялоо боюнча бир катар кемчиликтер аныкталды. Министрлер Кабинетинин башчысы мекеменин ишин талаптагыдай уюштурбагандыгы үчүн жооптуу жетекчилерди сынга алып, онкологиялык оорулары бар бейтаптар мындай дарылануу шарттарына туш болбошу керектигин баса белгиледи. 

"Онкологиялык борборго келген ар бир адам өтө оор физикалык жана эмоционалдык абалда болот. Мамлекет сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө, өз убагында кабыл алууну жана тийиштүү дарылоону камсыз кылууга милдеттүү", - деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев. 

Инспекциянын жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана медициналык мекеменин жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде башкаруунун натыйжалуу тутумун камсыз кылуу, зарыл жабдууларды ыкчам тартипте сатып алуу, штатты көбөйтүү жана бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча жайларды түзүү маселелерин иштеп чыгуу.

Последние новости