www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулады.
Жолугушууда энергетика, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарда Фонддун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Адылбек Касымалиев Бишкек–Ош унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында 67 чакырымдан ашык жол жаңыланганын белгиледи.
Ошондой эле ал Фонддун энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун натыйжасында кубаттуулук 240 МВтка көбөйгөнүн, ал эми Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору кошумча 120 МВт электр кубаттуулугун камсыздай турганын айтты.
Өз кезегинде Ярослав Мандрон Кыргыз Республикасы менен артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда ЕТӨФ тарабынан каржыланган эки ири инвестициялык долбоор боюнча келишимдерге кол коюлду.
Алар:
«Ош облусунун айылдык калктуу конуштарында суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу»;
«Камбар-Ата ГЭС-2нин үстүнкү суу ташкындаткычын куруу».
Документтерге Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон жана Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев кол коюшту.