www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Мамлекеттик департаменти өз жарандарын Жакынкы Чыгыштагы 16 өлкөдөн тез арада чыгып кетүүгө чакырды. Мекеме коопсуздукка олуттуу коркунуч бар экенин эскертти.
«АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Мамлекеттик департамент америкалыктарды коопсуздукка байланыштуу олуттуу тобокелдиктерден улам, төмөндө аталган өлкөлөрдөн ар кандай жеткиликтүү коммерциялык транспорт каражаттарын колдонуу менен тез арада чыгып кетүүгө чакырат», - деп жазды Х социалдык тармагында мамлекеттик катчынын консулдук маселелер боюнча жардамчысы Мора Намдар.
Тизмеде төмөнкү өлкөлөр көрсөтүлгөн: Бахрейн, Египет, Иран, Ирак, Израиль, Иордан дарыясынын батыш жээги жана Газа сектору, Иордания, Кувейт, Ливан, Оман, Катар, Сауд Арабиясы, Сирия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Йемен.
28-февралда АКШ менен Израиль Иранга каршы биргелешкен операция баштаган. Буга жооп катары Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү АКШнын авиабазаларына сокку ура баштады.
3-мартка караган түнү Израиль, БАЭ, Сирия, Катар, Кувейт жана Сауд Арабиясынын бийликтери ракеталык чабуулдардын мизи кайтарылганын билдиришти.