www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп баратат. 28-февралда башталган АКШ менен Израилдин Ирандагы стратегиялык объекттерге жасаган чабуулдарынан кийин Тегеран жооп кайтарып, Перс булуңундагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин аймагына баллистикалык ракеталарды учурду.
Эксперттер дүйнө “чоң коогалаңдын алдында” турганын айтып жатышат. Азыркы тапта эл аралык укуктук келишимдер таасирин жоготууда. Ирандагы кандуу кагылышууга глобалдык оюнчулардын толук аралашуусу чоң согушка алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле, Вашингтондун Иранда бийлик алмаштырууну көздөшү, саясий тирешүүдөн диний мүнөзгө өтүп, жихад жарыяланса, бул көзөмөлдөн чыккан терроризмдин жаңы толкунуна алып келүү коркунучу күч. Жаңжалдын жыйынтыгында ядролук куралга умтулуу күчөп, дүйнөдө жаңы куралдануу жарышына эркин жол ачылат деген кооптонулар айтылууда.