www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Перс булуңундагы согуштук жагдай глобалдык тирешүүгө айлануу коркунучун жаратты. Айрым серепчилердин пикиринде, Вашингтон ыкчам аскерий ийгиликке үмүт артса, Москва менен Бээжин узак мөөнөттүү стратегиялык оюнду баштады. Бул курал менен эмес, саясий-дипломатиялык жана экономикалык рычагдар аркылуу жүрчү күрөш.

1991-жылдагы Перс булуңундагы биринчи согуш учурундагыдай бир уюлдуу дүйнө бүгүн жок. Ал кезде АКШнын чакырыгы менен эл аралык коалиция тез түзүлүп, Ирак изоляцияда калган. Азыр болсо кырдаал башкача. Россия менен Кытай АКШ менен Израилдин Иранга каршы аракеттерин “агрессия” деп атап, саясий колдоо көрсөтүүдө. Алар жаңжалды дипломатиялык нукка бурууну талап кылууда.

Антиамерикалык позицияны Түндүк Корея да ачык билдирди. Мындан тышкары, Пакистан жана Сирия сыяктуу мамлекеттер да Вашингтондун кадамдарын кескин сынга алышты. Бул аймактык тилектештиктин белгиси.

Геоэкономикалык фактор да маанилүү. Кытай үчүн Иран энергия булагы гана эмес, стратегиялык өнөктөш катары каралат. Себеби, Венесуэладан кийинки ирандык мунай жеткирүүлөрүнүн үзгүлтүккө учурашы Бээжиндин отун-энергетикалык коопсуздугуна сокку болот. Демек, Кытай Ирандагы режимдин алмашуусуна жол бербөөгө кызыкдар.

Коалицияга кошулушу ыктымал өлкөлөрдүн катарында Индонезия, Бразилия, Түштүк Африка, Алжир жана Ирак аталууда. Ал эми Түркия Иранда кырдаал курчуса качкындар маселесинен экономикалык зыян тартуу коркунучу күч. Айтор, бул мамлекеттердин ар бири АКШ менен татаал мамилеге ээ же аймактагы туруксуздуктан түз зыян тартышы мүмкүн.

Мындай блоктун негизги куралы түз аскерий каршылык эмес, БУУда резолюцияларды бөгөттөө, эл аралык соттук процесстерди активдештирүү, экономикалык жана аскердик-техникалык жардам аркылуу Иранды колдоо. 

Эйфория тез өтөт, ал эми стратегиялык реалдуулук узакка созулат. Эгер Москва менен Бээжин чындап кеңири альянс түзө алса, анда Жакынкы Чыгыштагы жаңжал глобалдык саясий тартипти өзгөрткөн бурулуш учурга айланышы ыктымал.

Алмаз Темирбек

Последние новости