www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жарандык авиация тарыхында жаңы окуя болду. Мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ысык-Көл жана Баткен облустарын байланыштырган Тамчы – Баткен – Тамчы багыты боюнча өлкөдөгү алгачкы түз авиакаттамды ишке ашырды.

Жаңы каттамдын ачылышы менен Баткен облусунун тургундары Ысык-Көлдүн жээгине эми узак жол жүрбөстөн жана транзиттик каттамдарсыз түз жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн Баткен аймагына баруу кыйла ыңгайлуу болот.

Бул багыт Кыргызстандын аймактарынын транспорттук байланышын жакшыртууга, ички туризмди өнүктүрүүгө жана өлкө аймактарынын ортосундагы жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Авиакаттамдар жайкы туристтик сезон учурунда ар жума сайын бейшемби күндөрү аткарылат. Бир тарапка билеттин баасы 6 500 сомдон башталат.

Жаңы багыт өлкөнүн ички аба каттамдарын өнүктүрүүгө жана жарандар үчүн ыңгайлуу транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт.

Последние новости