www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тапшырмасынын негизинде Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы Ак-Буура жаңы конушуна 800 орундуу заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен ишке ашырылып, курулушту жыл аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда. Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 8339 чарчы метрди түзүп, имарат 3 кабаттуу жана 5 блоктон турат.
Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп, объект белгиленген графикке ылайык курулууда. Аткарылып жаткан иштердин ар бир этабы тиешелүү департаменттер тарабынан текшерилип, сапатына көзөмөл жүргүзүлүүдө.