www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен АКШнын экономикалык жана соода байланышы өз ара пайдалуу жана утушка багытталган мүнөзгө ээ. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Пекинде АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон сүйлөшүүлөрдө билдирди. Маалфматты NazarNewsка CCTV+ билдирди. 

Си Цзиньпин соода согуштарында жеңүүчү болбой турганын белгилеп, пикир келишпестиктер менен чыңалуулар жаралганда тең укуктуу кеңешүү гана туура жол экенин айтты.

Анын айтымында, шаршемби күнү Кытай менен АКШнын экономикалык жана соода топтору жалпысынан тең салмактуу жана оң жыйынтыктарга жетишкен. Бул эки өлкөнүн эли үчүн да, дүйнө коомчулугу үчүн да жакшы жаңылык экени белгиленди.

Ошондой эле Си Цзиньпин эки тарапты биргелешип түзүлгөн оң динамиканы сактоого жана өнүктүрүүгө чакырды.

Эске сала кетсек АКШ президенти Дональд Трамп кечээ, 13-майда расмий иш сапары менен келген. 

Последние новости