www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Карабекова бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик сатып алуулар системасына байланыштуу маселе көтөрүп, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Эл өкүлү мамлекеттик сатып алууларда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларына артыкчылык берүү керектигин айтып, ага «Интергласс» жана «Маткасымов» сыяктуу бир катар жергиликтүү ишканаларды мисал кылды.
Ошондой эле өндүрүш боюнча улуттук агенттик түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштап, мындай түзүм ата мекендик бизнести колдоо, экспортту стимулдаштыруу жана кыргыз продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандырууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.