www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергиясын бөлүштүрүүнү оптималдаштыруу жана чыңалууну турукташтыруу максатында төмөнкү жогорку чыңалуудагы объекттерди жылдын аягына чейин колдонууга берүү пландалып жатканын Энергетика министрлигинен билдиришти.

Алар

110/35/10 кВ "Манас-2" көмөк чордону (Чүй облусу);

Азыркы тапта объектте даярдык жана жер иштери жүргүзүлүп, жерге туташтыруу контуру орнотулууда. Көмөк чордонго кубаттуулугу 16 МВА болгон күч трансформаторун орнотуу каралган. 

Сокулук районунун Ак-Жол аймагында жайгашкан жаңы 110/35/10 кВ «Манас-2» көмөк чордонунун ишке кириши төмөнкү калктуу конуштардын электр менен камсыздоо сапатын жана ишенимдүүлүгүн жакшыртат: Ак-Жол, Манас, Комсомол, Ат-Башы айылдары, ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортун жана курулуп жаткан «Семетей» жаңы конушун ишенимдүү электр менен камсыз кылат.

110/35/10 кВ "Мырза-Аке" көмөк чордону (Ош облусу);

Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүндө жайгашкан 110/35/10 кВ “Ак-Терек” көмөк чордонунун ишке кириши менен Өзгөн районунун Мырза-Аке, Ак-Жар, Салам-Алик айыл өкмөттөрүн, Кара-Кулжа районун ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу менен бирге 110/35/10кВ “Өзгөн”, 110/35/10 кВ “Кара-Кулжа” жана 35/10кВ “Салам-Алик”, 35/10кВ “Мырза-Аке”, 35/10кВ “Араголь” көмөк чордондорун жана 110кВ "Өзгөн - Кара-Кулжа", 35кВ “Мырза-Аки -Салам-Алик" аба чубалгыларын ашыкча жүктөмдөн арылтат.

110/10 кВ "Бакай" көмөк чордону (Жалал-Абад облусу);

Манас шаарынын аймагында кубаттуулугу 110/10 кВ болгон “Бакай” көмөк чордону. Учурда Манас шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилип, курулуш иштерине даярдык көрүлүүдө.

Жаңы көмөк чордондун курулушу Манас шаарында электр энергиясын керектөөчүлөрдүн санынын өсүшүнө, ошондой эле жаңы курулуш объектилеринин көбөйүшүнө байланыштуу ишке ашырылууда. Курулуш иштери аяктагандан кийин “Бакай” көмөк чордону жаңы курулган базарды, автобекетти жана жакынкы калктуу конуштарды туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылат. 

Бул көмөк чордондордун ишке кириши аталган аймактардагы керектөөчүлөрдүн жылдан-жылга өсүп жаткан муктаждыктарын толук канааттандырууга жол ачат. Ошондой эле, электр тармактарындагы жүктөмдү азайтып, авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга жана энергиянын сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

 

Последние новости