www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев 27-августта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларына иш сапары менен барып, бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.

Алгач Төрага Майлуу-Суу шаардык стадионунун абалын көрүп, аны жаңылоо пландары тууралуу маалымат алды. 1953-жылы курулган стадион шаардагы негизги спорттук объектилердин бири болуп саналат.

Марлен Маматалиев стадионду жаңылоо жаштарды спортко тартууга жана шаар тургундары үчүн шарттарды жакшыртууга өбөлгө болорун белгиледи.

Анын айтымында, стадиондун долбоорун эки айдын ичинде даярдап, 2027-жылдын бюджетине киргизүү пландалууда.

Ошондой эле Төрага Майлуу-Суу шаарындагы Коргоо министрлигине караштуу №12544 аскер бөлүгүнүн имаратынын абалы менен таанышты.

Эскилиги жеткен имараттын ордуна аскер лицейин уюштуруу сунушу айтылды.

Мындан тышкары, Кыпчак-Талаа – Майлуу-Суу жолунда жүрүп жаткан реконструкциялоо жана оңдоо иштери каралды. Учурда жолдун айрым тилкелерине асфальт төшөө, көпүрөлөрдү куруу жана реконструкциялоо, ошондой эле жолдун сапатын жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоорду 2027-жылы толук бүтүрүү пландалууда.

«Жол – аймактын өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири. Бул долбоор толук ишке ашса, калктын каттамы жеңилдеп, социалдык объектилерге жеткиликтүүлүк жакшырат.

Ошондой эле жүк ташуу, соода-сатык жана ишкердик үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлөт», – деди Марлен Маматалиев.

Иш сапардын соңунда Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларында жергиликтүү тургундар жана шайлоочулар менен жолугушуулар өттү.

Жарандар жолдорду жана социалдык объектилерди оңдоо, таза суу менен камсыздоо, турак жай-коммуналдык шарттарды жакшыртуу, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өндүрүштү жандандыруу маселелерин көтөрүштү.

Майлуу-Суу шаарындагы таза суу көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулуп, буга чейин кабыл алынган долбоорлорду кайра карап чыгып, аларды толук ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле Кочкор-Ата шаарында катталган селдин кесепеттерин жоюу маселеси көтөрүлдү.

Жолугушууларда айтылган сунуштар тиешелүү министрликтерге жана мамлекеттик органдарга жеткирилери жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрү белгиленди.

Последние новости