www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жыл Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы жетишкендиктерге жана реалдуу натыйжаларга бай жыл катары тарыхта калды. Акыркы жылдары түзүлгөн ишенимдүү диалог, стратегиялык өнөктөштүк жана практикалык кызматташтык быйыл конкреттүү долбоорлор, экономикалык өсүш жана гуманитардык байланыштар аркылуу бекемделди.

Жыл ичинде Кытай менен Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлери жана жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү ортосунда активдүү жолугушуулар өтүп, аймактык коопсуздук, туруктуу өнүгүү жана эл аралык маселелер боюнча келишип, өз ара урматтоо, ички иштерге кийлигишпөө жана көп тараптуу кызматташтык принциптери саясий диалогдун негизин түздү.

Экинчи “Кытай – Борбордук Азия” саммитинде КЭР жана Борбордук Азия өлкөлөрү Түбөлүк ынак кошуналык жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

ШКУ саммитинде Тяньзинь декларациясы жана ШКУну 2035-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы жактырылды. 

Кытай Борбордук Азияда эң ири соода өнөктөш болду

2025-жылы Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү олуттуу өсүп, жаңы инвестициялык долбоорлор ишке ашырыла баштады. Энергетика, транспорт, логистика, айыл чарба жана өнөр жай тармактарындагы кызматташтык регионалдык экономиканын өнүгүшүнө түрткү берди.

Айрыкча, инфраструктуралык долбоорлор — темир жолдор, автожолдор, логистикалык борборлор — аймактын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, Кытайды Европа жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштырган маанилүү көпүрөгө айлантууда.

Алсак, Борбордук Азияда эң ири соода өнөктөш болду. Мисалы, соода көлөмү 80 млрд АКШ долларын түздү.  Жылдык эсеп 2025-жылдын алгачкы 3 кварталында  15,6 % өстү.

Кытайдын электроунаалары Борбордук Азияда популярдуулукка ээ болду. Кытай электромобилдеринин экспортунун өсүшү 2025-жылдын жарым жылдыгында Казакстан 75,11%, Тажикстан 69, 77%га өскөн.

Борбордук Азиядан Кытайга май айынан бери айыл чарба азык-түлүктүн импорту 26,9% га өскөн.

Инвестициялар жана долбоорлор: жаңы багыттар

Кытай Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн негизги инвестициялык булактардын бирине айланды. Кытайдын Борбордук Азияга инвестициялары: 30 млрд АКШ долларынан ашты. (2025-жылдын июнь айына карата)

Өзбекстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясы ишке киргизилди

Кытайлык компаниялардын катышуусу менен курулган Бухарадагы шамал электр станциясы пайдаланууга берилди. Шамал электр станциясынын иштеп чыгаруусу: жылына болжол менен 3 млрд кВт саат, Көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын жыл сайын 1,6 млн тоннага тазалайт.

Транспорттук байланыш: жаңы жетишкендик

 2025-жылдын 29-апрелинде Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун негизги курулушу башталды. Фергана тоо кыркасындагы туннелди бургулоо иштери жүрүп, бул темир жол долбоорунун негизги баскычы башталган.

Долбоорду ишке ашыруу алкагында 20 миңден ашуун адам жумуш орду менен камсыздалып, Кытай–Европа багытындагы жүк ташуу маршруту болжол менен 900 чакырымга кыскартылат.

2025-жылдын 12-октябрына карата Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районундагы бажы өткөрүү пункттары аркылуу өткөн «Кытай – Европа» жана «Кытай – Борбордук Азия» багытындагы жүк ташуучу поезддердин саны 100 миңден ашты.

Тактап айтканда, Хоргос жана Алашанькоу өткөрүү пункттары аркылуу өткөн аталган багыттардагы поезддердин жалпы саны 100 миңге жетти, бул Кытай менен Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы логистикалык байланыштын активдүү өнүгүп жатканын айгинелейт.

Туризм — элдерди жакындаткан көпүрө

Визалык режимдин жеңилдетилиши, түз авиакаттамдардын көбөйүшү жана туристтик инфраструктуранын ырааттуу өнүгүшү Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы туристтик агымдын өсүшүнө шарт түздү.

Туризм бул жерде экономикалык кирешенин булагы гана болбостон, маданий жана адамдык байланыштарды чыңдоонун маанилүү куралына айланды. Ар түрдүү маданий фестивалдар, көргөзмөлөр жана тил үйрөтүү долбоорлору элдердин бири-бирин жакындан таанып-билүүсүнө, өз ара ишенимдин жана достуктун бекемделишине өбөлгө болууда.

Визасыз режим — элдерди жакындаткан кадам: 2025-жылы Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда визасыз режим күчүнө кирди

2025-жылы Кытай менен Казакстан, ошондой эле Өзбекстан ортосунда визасыз режим күчүнө кирди. Бул чечим аймактагы гуманитардык байланыштарды бекемдеп, туризмдин активдүү өнүгүшүнө олуттуу түрткү берди.

Визалык талаптардын жеңилдеши, түз авиакаттамдардын көбөйүшү жана туристтик инфраструктуранын өнүгүшү Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы туристтик агымды кыйла арттырды. Туризм экономикалык кирешенин булагы гана болбостон, элдердин ортосундагы маданий, гуманитардык жана адамдык байланыштарды чыңдоонун маанилүү куралына айланды.

2025-жылдын январь–сентябрь айларындагы статистикалык маалыматтарга ылайык:

  • Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Кытайга барган туристтердин саны 37,7 пайызга өстү;

  • Кытайдан Борбордук Азияга сапар алган туристтердин агымы 50 пайызга көбөйдү;

  • Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы түз авиакаттамдардын саны жумасына 100дөн ашты.

Мындан тышкары, маданий фестивалдар, көргөзмөлөр жана тил үйрөтүү долбоорлору элдердин бири-бирин жакындан таануусуна шарт түзүп, достуктун жана өз ара ишенимдин бекемделишине өбөлгө болду.

Бул көрсөткүчтөр визасыз режимдин эл аралык байланыштарды жандандыруудагы маанилүү ролун айкын көрсөтүп турат.

Бүгүнкү күндө Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда 100дөн ашык бир тууган шаарлар түзүлгөн. Бул формат шаарлар аралык түз байланыштарды кеңейтип, билим берүү, маданият, туризм жана ишкердик тармактарында практикалык кызматташууга жол ачууда.

Кытай менен Борбордук Азиянын бир тууган шаарлары: кызматташтыктын кеңейиши

2025-жылдын июнь айында Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда достук мамиледеги облустар жана шаарлардын 5 жаңы жубу түзүлдү. Алардын катарында Шанхай — Алматы сыяктуу ири шаарлар да бар.

Учурда Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы бир тууган шаарлардын жалпы саны 100дөн ашты. Бул формат аймактар аралык түз байланыштарды бекемдеп, экономика, маданият, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө шарт түзүүдө.

Экономикалык кызматташтык менен катар гуманитардык багыт да жигердүү өнүгүүдө. 2025-жылы билим берүү, маданият, илим жана саламаттык сактоо тармактарында биргелешкен программалар кеңейтилип, студенттердин, окумуштуулардын жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнүн өз ара алмашуусу күч алды.

Келечекке багытталган өнөктөштүк

Адистердин баамында, Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү муну менен чектелбейт. Жашыл экономика, санариптештирүү, инновация, экология, билим берүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш сыяктуу багыттар келечектеги өнөктөштүктүн жаңы перспективаларын ачууда.

2025-жыл Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ишенимге негизделген, практикалык натыйжаларга багытталган жана элдердин жыргалчылыгына кызмат кылган өнөктөштүктүн дагы бир маанилүү баскычы болду.

Саясий серепчи Табылды Акеров:

— Кытай бүгүн дүйнөлүк деңгээлдеги ири державалардын бири болуп саналат. Кыргызстан үчүн бул өлкө менен тыгыз жана прагматикалык алака түзүү объективдүү зарылдык. Кытай сыяктуу ири экономиканын колдоосу чакан мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө, экономикасын бекемдөөгө жана алдыга жылуусуна олуттуу салым кошо алат. Ошондуктан Кыргызстан Кытай факторун өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык туура жана натыйжалуу пайдаланууга тийиш, - дейт.

Последние новости