www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь президенти Александр Лукашенко «Аль-Арабия» телеканалына берген маегинде АКШнын Иранга карата саясатын «өлүмгө тете ката» деп атады. Ал Вашингтон Израиль менен Иран ортосундагы чыңалууну токтото алмак деп эсептейт.

Лукашенко Иранды ракеталык соккулар менен жеңүү мүмкүн эместигин, кургактагы согуш чоң жоготууларга алып келерин айтты. Ошондой эле ал Ирандын өзүн коргоо үчүн өзөктүк куралга ээ болууга «укугу бар» деген пикирди билдирип, АКШ, Израиль жана башка өлкөлөрдүн ядролук куралын мисал келтирди.

Украина согушуна байланыштуу ал Беларусь конфликтке катышпайт деп белгилеп, НАТО менен түз кагылышуу коркунучу бар экенин айтты. Ошондой эле Европа койгон талаптарды Россия үчүн кабыл алынгыс деп баалады.

Лукашенко бардык бул конфликттерди аскердик жол менен эмес, сүйлөшүү аркылуу гана чечүү керек экенин айтып, айрым кризистер 2026-жылга чейин токтошу мүмкүн деп боолголоду.

Последние новости