www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 16-июнда жумуш сапары менен Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына барды.

Өкмөт башчысынын учагы “Хумо” эл аралык аэропортуна конуп, аны Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Аэропортто Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.

Жумуш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумунун пленардык жыйынына катышып, сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, Өзбекстандын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, бир катар объекттерди кыдырат.

Последние новости