www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таксилерге лицензия берүү толугу менен санариптешти

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулаган кезектеги аппараттык жыйынын өткөрдү.

Талкуунун негизги темасы лицензиялык-уруксат берүү тутумун реформалоо, тактап айтканда, таксиге лицензия алуунун жаңы электрондук процессин ишке киргизүү болду. Айдоочулар азыр кагаз иштеринен толугу менен бошотулуп, атайын мобилдик тиркемелерди колдонуу менен жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен уруксат ала алышат.

«Биз мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана ачык-айкын санариптик чөйрөнү түздүк. Эми биздин максат ар бир айдоочуга жол-жобосун, анын ичинде медициналык жана техникалык кароодон өтүүдөгү милдеттүү талаптарды жеткирүү. Ошол эле учурда жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына так эскертишибиз керек: үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап тиешелүү лицензиясы жок такси айдаган айдоочулар мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартылат», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Последние новости