www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 750 орундуу заманбап мектептин курулушу жүрүүдө.
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун жалпы наркы 440 миллион сомду түзөт.
Жаңы билим берүү мекемесинин жалпы аянты 5 257 чарчы метрди түзөт. Мектепте окуу класстары, ашкана, жыйындар залы жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы каралган. Ошондой эле окуучулар үчүн волейбол, баскетбол жана футбол аянтчалары курулат.
Курулуш-монтаж иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп жатканы белгиленди.
Министрликтин маалыматына караганда, мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 1 500дөн ашык окуучуга билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Долбоор Каракол шаарындагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана окуучулар үчүн заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган.