www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен районунун Курук-Сай тилкесинде чек арачылар 17 баш уй менен бир атты Тажикстанга мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган эки жаранды кармашты.
Маалыматка ылайык, окуя 16-июнга караган түнү болгон. Шектүүлөр чек арадагы тосмо зымдарды кесип, малды өткөрүү пункттарынан сырткары аймак аркылуу айдап өтүүгө аракеттенишкен.
Чек арачылар аларды кармоого аракет кылганда, жарандар каршылык көрсөтүшкөн. Алгач эскертүү иретинде асманга ок атылганы менен, мыйзам бузгандар токтобогондуктан курал колдонулган.
Натыйжада шектүүлөрдүн бири бутунан жаракат алган.
Жаракат алган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Баткен шаардык ооруканасына жеткирилген. Анын абалы канааттандырарлык экени айтылды.
Учурда кармалгандар милицияга өткөрүлүп берилип, окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.