www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылы Кыргызстанга 14 миң 591 Пакистан жараны кирген болсо, ошол эле учурда өлкөдөн 15 миң 280 пакистандык чыгып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева профильдик комитеттин – Жогорку Кеңештин соттук-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгы боюнча маалыматына ылайык, Пакистанда консулдук каттоодо турган Кыргызстандын 191 жараны бар. Алардын ичинен 120 адам туруктуу негизде, ал эми 71 адам убактылуу катталган.
Маалыматка ылайык, Пакистандагы кыргызстандыктардын көпчүлүгүн Пакистан жарандарына турмушка чыккан аялдар, алардын балдары, ошондой эле диний окуу жайларында билим алып жаткан жаштар түзөт.
Эске салсак, аталган жыйында депутаттар Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы соттолгон адамдарды жазасын мекенинде андан ары өтөөсү үчүн өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну жактырышкан.