www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактын колдонуучусу Жылдыз Медералиева, Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн аталышына зээни кейигендигин айтып, оюн ортого салды.

“Бүгүн ишке баратып, көчөнүн аталышынын жазылышына көңүлүм түшүп калды. Буга чейин деле байкап жүргөм, бирок бүгүн эмнегедир абдан капа болдум. Ахунбаева көчөсү бир үйдө Ахунбаев деп туура жазылып турат, бир аз өткөндө Ахунбаева болуп турат, булардын баары бир катарда. Номуру эсимде жок. Ким кандай ойлойт билбейм. Өз мекенибизде, Кыргызстан деген мамлекетте жашап жатып, эмне үчүн көчөлөрдүн аталышын башка тилде жазабыз?

Мисалы ул. Ахунбаева ж.б. Дегеним, көчөгө ат коюу да чоң көйгөй. Жөн жерден эле коюла бербестиги баарыбызга маалым. Баягы эле аталыштар: Ахунбаева, Медерова, Тыныстанова, Ауэзова, Айтматова, Токомбаева ж.б.у.с. көчөлөрдүн аталышын эки тилде жазып, эркекти аялга бурмалабай эле, кыргызча аталышын жазып койсок, эч көйгөй жаралбайт эле. Токтогул көчөсүн кыргыздар эчак эле Токтогула деп атап алганбыз. Анткени ТОКТОГУЛА деп бакыйып жазылып турат. Токтогула деген сөз кыргыз тилинде буйрук этиш, кыймыл-аракетти билдирет. Көчөнүн аталышы кандай жазылса, ошондой айтылып, көрүп көзүбүз кубанбай, кандай айтарыбызды да билбей калдык.

Бул көчө кыргыз элинин улуу демократ акыны Токтогул Сатылгановдун ысмын алып жүрөрүн кийинки муундар билбей, чоң көйгөй жаралып калды. Анан калса, Кыргызстан 33 жылдан бери көз карандысыз мамлекет го... Бишкек шаарынын мэри кандай ойдо жүрдү болду экен... Кыргызстанда көчөлөрдүн аталышын кыргыз тилинде гана жазуу мезгили эчак эле бышып жетилгени кашкайып көрүнүп турат. Же көчөлөрдүн атын туура жазып, илип коюуга да мыйзам керекпи... балким, башчыбыз тапшырма берсе, туура жазылып калар”, - дейт Жылдыз Медералиева.

Эске сала кетсек, бийлик өкүлдөрү кыргыз тили тууралуу какшап келгени менен иш жүзүндө жыйынтык чыкпай келет. Анысы аз келгенип чоң катачылыктар окуу куралдарынан бажырайып чыгып жатканы өкүнүчтүү.

Келечек кандай болоор экен...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости