www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Wildberries компаниясынын өкүлү Максим Губанов менен жолугуп, аталган платформа аркылуу Кыргызстандан товарларды ташууга байланышкан олуттуу көйгөйлөрдү талкуулады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык иштеги кыйынчылыктар казак тараптын айрым документтерди берүү талабынан улам келип чыккан. Буга байланыштуу Wildberries Кыргызстандан эки жумага товар жөнөтүүнү токтоткон. 

"Күн сайын Wildberries 5 тоннадан ашык товар жөнөтөт, жалпы суммасы 25 миң доллардан ашат жана бул башталышы гана. Мындай жагдай бул платформа аркылуу иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Темир Сариев көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Аба каттамы жана темир жол аркылуу товарларды жөнөтүү сунуштары берилди. Бул варианттардын баары кылдат изилденет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости