www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Нурзат Ниязова каза болду

Узакка созулган оорудан улам, 39 жаш курагында журналист Нурзат Ниязова дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маалыматты КТРКнын расмий сайты жарыялады.

"Биз чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз ишин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты адамды жоготтук", - деп жазышкан маркумдун кесиптештери.

Нурзат Ниязова 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин англис тили филологиясы бөлүмүн аяктаган.

2006-жылы РРТБнын бөлүмүнө ишке алынып, КТРКнын расмий сайтынын калыптаныш мезгилинен тартып эмгектенген.

2015-жылдан тартып, КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматында иштеп келген.

NazarNews маалымат агенттигинин эмгек жамааты журналисттин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости