www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан калкынын үчтөн эки бөлүгү COVID-19га чалдыккан жок. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов  брифинг учурунда билдирди.

"Ооруп калган бир бөлүгү сан менен айтканда 1,4 миллион киши. Булардын ичинен 466 миң адам жеңил формада ооруп, дарыгерлердин жардамысыз сакайып жатат", — деди Боронов.

Ошондой эле ал Илимий-консультативдик эксперттик кеңештин алдын ала прогнозу боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 4,2 миллион адам вируска чалдыгышы ыктымал экенин эскертти.

"Бул тогуз жаштан жогорку жарандардын саны. Андан ылдыйкы курактагылар арасында ооруп калгандар өтө аз болгондуктан, эсептен алып салынды", — деди Боронов.

Белгилей кетсек,  Кыргызстанда илдет менен ооругандардын саны 40 755 кишиге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости