www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Жумгал районунда мыйзамсыз баңгизат каражаттарынын таралышына каршы жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын алкагында 2 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай өрттөлүп жок кылынды.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө район аймагынан табылган курамында баңгизат бар өсүмдүктөр мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынды.
Белгиленгендей, мындай иш-чаралар мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүсүнүн алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.