www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Латвиянын өкмөтү 14-июлда мыйзамдарга өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, Беларуссиядан жана Орусиядан айрым товарларды алып келүүгө тыюу салынат. Чектөөлөр китеп, оюнчук, кийим-кече жана бут кийим өндүрүүчүлөргө тиешелүү болот.
Документ Латвиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан даярдалган. Долбоорго ылайык, бул товарларды түздөн-түз Беларуссиядан жана Орусиядан гана эмес, үчүнчү өлкөлөр аркылуу алып келүүгө да тыюу салынат. Ошол эле учурда бул товарлардын Латвия аймагы аркылуу транзиттик өтүүсү азырынча өзгөртүүсүз калат.
Бул чечим беларус ишканалары үчүн экспорттук рыноктун бир бөлүгүн жоготууга алып келиши мүмкүн. Маалыматтарга ылайык, китептер, кийимдер, бут кийимдер, оюнчуктар, видеооюндар жана спорттук товарлар Беларуссия менен Орусиядан Латвияга келген жалпы импорттун болжол менен 6,5%ын түзөт. Бул товарлардын жалпы баасы болжол менен 12,5 миллион евро деп бааланууда.