www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку жана атайын кесиптик орто окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы арасында спорттук мелдештин экинчи этабы башталды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан уюштурулууда.

Мелдешке жалпы 63 команда катышып, кызматкерлер спорттун беш түрү боюнча күч сынашат.

Алар:
волейбол;
футбол;
тогуз коргоол;
шахмат;
стол тенниси.

Спорттук иш-чаранын ачылышына КР БИККБнын Борбордук комитетинин төрагасы С. Боенов, И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору М. Чыныбаев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин кесиптик бирлигинин төрайымы Н. Аскарова жана бир катар жогорку окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилери катышты.

С. Боенов катышуучуларга ийгилик каалап, спартакиаданын негизги максаты спорттук таймаш менен гана чектелбестен, билим берүү жана илим кызматкерлеринин ортосундагы ынтымакты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана жаңы окуу жылынын алдында мотивация берүү экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чаранын биринчи этабы буга чейин өткөрүлгөн. Экинчи этап эки күнгө созулат.

Последние новости