www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир нече уурулук фактысына шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-июлда милицияга жаран арыз менен кайрылып, Киев көчөсүндөгү коомдук тамактануучу жайлардын биринде анын iPhone 13 жана Redmi үлгүсүндөгү телефондору уурдалганын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган М.К. жана 1992-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалган.

Соттун чечими менен шектүүлөргө карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, №1 тергөө абагына киргизилген.

Тергөө учурунда кармалгандардын дагы алты уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Ошондой эле алар милицияга эки ноутбук жана кол сааттарын өз ыктыяры менен өткөрүп беришкен.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости