www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-декабрда Кыргызстандын парламентинин сегизинчи чакырылышы ишин расмий баштады. Алгачкы жыйынга төрагалык кылуу милдети мыйзамга ылайык эң улуу депутат – 69 жаштагы Гүлай Машраповага жүктөлдү.
Жыйында президент Садыр Жапаров катышып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 29 көп мандаттуу округдан шайланган 87 депутатка мандат тапшырды. №13 округдагы шайлоо мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалды.
Бул жолку парламенттик шайлоого 4,29 млн шайлоочу катталып, алардын 36,9 пайызы добуш берди. Өлкө ичинде 2492 шайлоо участогу иштеп, чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылды. Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн 190 миңден ашуун жаран колдонду. Бирок шайлоонун жыйынтыктары айрым округдарда талаш жаратты.
Айрыкча №8, №9 жана №26 округдардагы окуялар коомчулуктун көңүл чордонунда. №8 округда добуш сатып алуу боюнча видеолордун негизинде айрым тилкелердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, БШК акыркы чечимин кабыл алды.
Гендердик квота, туугандык байланыштар тууралуу дооматтар жана ири суммадагы акча менен байланышкан фактылар шайлоонун тазалыгына байланыштуу суроолорду күчөттү. Натыйжада сегизинчи чакырылыш өз ишин баштаганы менен, айрым округдардагы талаш-тартыштар саясий күн тартибинде кала берүүдө.
Эми бул чакырылыштын депутаттары канчалык деңгээлде өз милдеттерин элдин кызыкчылыгында аткарышат аны убакыт көрсөтөт.