www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте уй жана кой этинин баасына мониторинг жүргүзүү жана анын негизсиз кымбатташына жол бербөө боюнча рейддер уланууда.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддер райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлүүдө.
Текшерүүлөр базарларда, кичи базарларда, соода комплекстеринде, дүкөндөрдө жана башка соода түйүндөрүндө жүргүзүлүүдө.
Октябрь районунда «Орто-Сай» базары, төрт кичи базар жана 23 соода түйүнү текшерилген. Свердлов районунда уй жана кой этинин бааларына мониторинг жүргүзүлсө, Ленин районунда рейд «Ош базары» соода-базар комплексинде өткөрүлгөн.
Биринчи Май районунда 2025-жылдын 15-августунан 2026-жылдын 28-сентябрына чейин 181 рейддик иш-чара өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, соода субъекттерине ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо жана тиешелүү соода шарттарын камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Свердлов районунда соодагерлерге сунушталган баалар да айтылды. Ага ылайык, уй этинин 1 килограммы — 770 сом, кой эти — 880 сом.
Рейддердин негизги максаты — эттин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана азык-түлүк рыногунда туруктуулукту камсыз кылуу.