www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эркин журналист Мирлан Дүйшөнбаев социалдык тармактарда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга, криминалга каршы жүргүзүп жаткан иш-аракеттери боюнча байма бай макала жарыялап, өзүнүн ойлору менен бөлүшүп келет. Мирлан Дүйшөнбаевди атайын редакциябызга чакырып, ушул багытта суроолорду берип, маек курдук.
— Мирлан, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракети, өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш тууралуу акыркы учурларда көп жазып атасың. Коррупция менен күрөшүүнүн жүрүшү сени аябай кубантып, канааттандырып жатат окшойт...
— Албетте. Мени эле эмес, элибиздин басымдуу көпчүлүгү ыраазы болуп, карапайым элибиз генералга алкоолорун, мактоолорун айтышып, баштаган иштерин аягына чыгаруусуна ден-соолук, аманчылык, кайрат, жигер тилеп олтурушат. Ачыгын айталы, коррупция менен чындап күрөшүү мына бүгүн гана болуп жатат. Муну баса белгилегим келет. Анын башында Камчыбек Ташиев турууда. Буга чейинки “коррупцияга каршы күрөшүү” деген жел сөздөрдөн гана болуп, иш жүзүндө коррупция 7-кабатка жетип, коррупция жашообуздун бир бөлүгүнө айланып калган эле. Атүгүл коррупция түрлөргө бөлүнүп калган деңгээлге жетпедиби. Кландык коррупция, топтук коррупция, криминалдык коррупция, саясий коррупция, кызматтык коррупция ж.б. Акаевдин кезиндеги өкмөт башчы Турсунбек Чынгышевдин “Жебеген жердин астында...” деп айтканы мамлекет башчыларынын, чиновниктердин жазылбаган принциптерине айланышып, эптегендер, колдорунан келгендер мамбюджетти мите курттай эле “мүлжүштү”. Мамлекеттик чиновниктер арасындагы коррупцияны жоюп, оозуктоо үчүн мамлекет жетекчилиги, укук коргоо органдары тарабынан эч кандай иштер жасалбады. Коррупция менен күрөшүү, анын тамырын кыркуу, казынанын акчасын уурдоону, мамбюджеттик каражаттарга кол салууну токтотуу, коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу бүгүн гана болуп жатат. Кагаз, сөз жүзүндөгү иш-аракеттер жөнүндө сөз кылуунун кереги жок.
— Жогоруда элдин басымдуу көпчүлүгү Камчыбек Ташиевге ыраазы болуп, колдоп жатканын айттың. Эл арасында колдобой жаткандар да барбы?
— Ансыз мүмкүн эмес да. Эч бир кардиналдуу кадамдар, реформалар элдин жапырт колдоосу менен ишке ашпайт. Бардык реформалык чечимдер, революциялык иш-аракеттер нааразы болгондорду, каршы тараптарды жаратат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Идеалдуу эч нерсе болбогондой эле, идеалдуу реформалык чечим болбойт. Коррупцияга күрөштүн натыйжасында миңдегендер уурдагандарын «кусуп», менчиктеп, талап-тоноп алгандарын кайтарып, жүздөгөн коррупциялык схемалардын иштери токтотулуп, жүздөгөндөргө кылмыш иштери козголуп, камакка алынышты. Ошолорго, алардын жакындарына, тууган-туушкандарына, капчыгын кампайтып, мыйзамсыз байышып жүрүшүп, заматта эле май-талкан «кормушкаларынан» ажырагандарга Камчыбек Ташиев жагабы? Албетте, жок. Алардын Ташиевди көрөргө көздөрү жок. Колдорунан келсе Ташиевди кызматтан кетирип, жок кылсак дегенде эки көздөрү төрт. Ташиев алардын айыгышкыс душманына айланды. Мамлекеттик башкаруу системасынын жогорку, орто, төмөнкү звенолорунда көптөгөн коррупциялык схемалар аныкталды, ал жерде коррупционерлердин бүтүндөй армиясы мыйзамсыз байып келишкен. Алар да эч качан коррупция менен күрөшүүнү колдошпойт. Социалдык тармактарда генералдын дарегине жакшы эмес сөздөрдү, негативдерди жазгандар мына ошолор, алардын жакындары… Буга кошумча дегеле эч нерсе жакпаган, ар нерседен кынтык издей берген коомдун бир бөлүгү бар. Андайларга алтын баштуу президент келсе да жакпайт. Ал эми карапайым эл УКМК төрагасынын аманчылыгын тилешип, ар тараптуу колдоп жатышат. Анткени, Камчыбек Ташиев жөн эле сүйлөп, айтып койбой, иш жүзүндө күрөшүп, натыйжа жаратып жатканын көрүп, билип, сезишүүдө.
— Коррупцияны ушинтип ооздуктап, уурдалгандарды мамлекетке кайтарса болот экен го. Мурдагы бийликтер эмнеге бүгүнкүдөй күрөшкөн эмес?
— Жакшы суроо. Биринчи кезекте өздөрүнөн сураш керек. Бирок сураган күндө деле биздин мурдагы бийлик башындагылардын жооптору белгилүү да. Дегеле өздөрүнүн кемчилик, катачылык, чабалдыктарын моюнга алышпайт. «Мен бийликте турганда коррупция болгон эмес, коррупция менен катуу күрөшкөм, кыйраткам, жыргаткам» деген сыяктуу сөздөрдү айтышат. А бирок бүгүнкү коррупция ошолордун башкарууларынын натыйжасы...
Менимче, эң биринчи кезекте мурдагыларга саясий эрк жетишкен жок, каалоо болбоду, чечкиндүүлүк кылышпады. Экинчиден, өлкө башындагылар уурдап, тоной беришти. Аларды көрүп, орто звенодогулар менен төмөнкү звенодогулар жөн отурушпады. Маянасын эле карап отурбай байып, ашып-ташып атышса, мындай коррупциялык система тескерисинче ыңгайлуу, жагымдуу болуп, аны эч ким бузууну каалабады. Маселенин баары адамдын өзүндө экен да. «Кадр баарын чечет» деп Сталин айткандай, өлкө башчысы, жетекчи, лидерде саясий эрк, каалоо, ыклас, коррупцияны жок кылууну милдет, миссия катары көргөн жоопкерчилик болсо, адамдын эрки, чечкиндүүлүгү бүтүндөй системаны «сындыра» алат турбайбы. Камчыбек Ташиев ошондой стереотипке айланып калган системаны жок кылууга жетише алды. Коррупция менен күрөшүп, аны ооздуктай алгыдай системаны түзө алды. Эгерде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевде эрк, каалоо, чечкиндүүлүк болбогондо, эч нерсе өзгөрмөк эмес. Коррупция гүлдөгөндөн гүлдөп, мамлекет алсызданып, элибиздин абалы кургуйга түшкөндөн түшө бермек. Бул өңүттөн алганда, саясий серепчи Алик Орозовдун «Камчыбек Ташиев Кыргызстанды кыйын кырдаалдан чыгарып, сазга биротоло батып калуудан куткарды» деп айтканына кошулбай коюуга болбойт.
— Коррупция менен күрөшө алчу системаны түзө алды деп атасың. Ошондо Камчыбек Ташиевден кийинкилер да күрөштү ушул темпте уланта алышабы?
— Идеалында ошондой болушу керек. Бирок кайра эле маселе күрөштүн башында турган адамдын эркине жараша болот. Тилекке каршы, эрк, каалоо, чечкиндүүлүк жетишсиздик кылат. Арстандыкындай кайрат, дух, жүрөк да болушу керек экен. Камчыбек Ташиевде майтарылбас дух болгону үчүн бүгүнкүдөй натыйжалар болуп жатат. Коррупция менен күрөшүү – бул образдуу айтканда, жети баштуу өлбөс ажыдаар менен алышкандай эле. Өмүрүң, ден-соолугуң тобокелдикке салынат, душмандарың артат. ...
Коррупция менен күрөшө алган система жөнүндө айтканым, мыйзамдык алкактан алганда, системалуу нукка, укуктук талаага түштү. УКМК бул багытта зор тажрыйбага ээ болду. Коомчулуктун, элдин колдоосуна жетише алды. Ташиев УКМКдагы атмосфераны жакшыртып, анда иштегендердин элге, өлкөгө ак дилден кызмат кылууга болгон жоопкерчиликтерин жогорулатып койду. Бул жагынан алганда, азыр биз үчүн Камчыбек мырзадан өтөрү жок. Ага аягына чыгарып, толук жок кылууга, коррупциясыз коом курууга жетишүүсүнө мүмкүндүк беришибиз керек. Ал коррупцияны тыптыйпыл кылып жок кыла албаса да, коррупциялык системаны толугу менен «сындырарына» ишенсек болот. Бул убакыттын гана иши. Ал эми майда-чүйдө коррупциялык көрүнүштөр боло берет, аларга убагында ыкчам чаралар көрүлүп, мыйзамдык жактан жоопкерчиликтери каралып турса болду.
— Мүмкүндүк беришибиз керек дегениң кандай?
— Азыр эки дос чынында көп жагынан аябай жакшы иш алып барышууда. Беш жылдын ичинде 29 жылда кылынбаган, аткарылбаган иштер жасалды. Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча да постсоветтик мейкиндикте алдыдабыз. Саясий, экономикалык туруктуулук да камсыз кылынууда. Мен ушундай стабилдүүлүктүн, ырааттуулуктун узакка созулуусун каалайм. Эки достун бийлик жүргүзүүсү канчалык узак болсо, андан кыргыз эли, мамлекетибиз эле утуш алат. Бизде орусча айтканда, «преемственность» деген нерсе көп учурда болбой калат. Экөөсүнөн кийин ачкүсөндөр, жеп-жутарлар бийликке келип, бардык кылынган иштер жокко чыгарылып, бүгүнкү иштер андан ары уланбай, коррупция кайрадан жанданып, криминал баш көтөрө башташын каалабайм. Анткени, криминал жана коррупцияга каршы күрөшүүдө Камчыбек Ташиевди эч ким алмаштыра албайт. Муну моюнга алышыбыз керек. Ошон үчүн мамлекет башында көбүрөөк отурушуп, саздын кырына чыккан абалдан ары жылдырып, биротоло «бутка тургузуп» салышса дейм. Анткени, эки достон кийин бийликке келчүлөр бүгүнкү иштерди улантып, криминал жана коррупцияга азыркыдай темпте, деңгээлде күрөшүшөт дегенге эч кандай кепилдик жок…
— Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бир пикир, бир чечим менен ынтымактуу иш алып барып атышабы?
— Ооба. Эки достун ортосундагы бири бирине болгон урмат-сыйды, биргелешип иш жүргүзүүнү байкап келатам. Эсиңерде болсо керек, экөө бийликке адеп келген учурларда «эки дос урушуп кетиптир, тирешип атыптыр, сүйлөшпөй калыптыр…» ж.б. ушул сыяктуу маалыматтар соцтармактарда баттан жазылып турчу. Бул экөөсүн кайраштырып, бири бирине тукургусу келген күчтөрдүн иши болчу. Бизде достордун касташып, тандемдердин ыдырап, ал өлкөдөгү саясий абалга таасир эткени боюнча прецеденттер болгонун билебиз. Бакиев-Кулов тандеми, Убактылуу өкмөттөгүлөр, Атамбаев менен Жээнбековду эле айтсак жетиштүү. Ошол сыяктуу Жапаров менен Ташиевдин ортолорунан кара мышык өткөрүп, тирештирип, аны менен саясий абалды чыңалткысы келгендер жалган маалыматтарды таратышып, жакшы эле аракет кылышты. Бирок эч кандай майнап болгон жок. Эки достун өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы үчүн бир пикирге келишип, тил табышып, ынтымакка, достукка шек келтирбей иштеше ала тургандыктарына көздөрү жеткен соң андай каралоолорун, жалган маалыматтарды таркатууларын токтотушту. Байкасак, Ташиев дайыма Садыр Жапаровго урматын, сыйын көрсөтүп, анын тапшырмасы менен келгенин, анын тапшырмасы менен көзөмөлгө алганын, анын тапшырмасы менен иш жүргүзүп жатканын айтып турат. Өзүнө ыйгарып алып жаткан жери жок. Ошол эле мезгилде президент да УКМК төрагасына урматын билдирип, анын чек ара, коррупция, криминал жаатындагы иштерине жогору баасын берип, замандын анык баатыры деп атаган.
Бул алардын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коюп жаткандыктарын көрсөтөт. Биргеликте, ынтымакта, бир пикирде иш алып баруу менен гана максат, милдеттерге жетишерине ынангандыктарын билдирет. Саясий бийлик башындагылардын тандеминин, достугунун бузулуусунан эл, мамлекет, анан өздөрү эле утулбаса, саясий атаандаштар, саясий күчтөр гана утат. Буга да көздөрү жетип, саясий тандемдин эң жогорку үлгүсүн, мисалын көрсөтүшүүдө. Бул өзүнчө сөз кылууга, жогорку баа берүүгө арзыйт. Балким, айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктер, макул эместиктер болуп жаткандыр, ансыз да мүмкүн эмес, бирок аны ачыкка, саясий деңгээлге чыгарбай, ортолорунда калтырып жатканы кубандырат. Бул жагынан Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев саясий маданияттын жакшы үлгүсүн көрсөтүшүп, кайсы бир деңгээлде жаңы саясий маданиятты калыптандырып жатышат.
— Коррупция менен күрөшүүнүн алкагында, көптөгөндөр кармалып, камалып, уурдагандары, менчиктеп алгандары кайтарылып жатат. Муну кээ бирлер мыйзамсыз деп, УКМК төрагасынын мындай иш-аракетин туура эмес көргөндөр да бар. Соттун чечимисиз менчик кол тийгис дегенди айтышат...
— Союз таркагандан кийин приватизация деген башталып, ал прихватизацияга айланып, талап-тоноочулук менен коштолгон мамлекеттик коррупция дээрлик 2020-жылга чейин уланып келди. Биздеги бир кездеги мамлекеттики, элдики болуп эсептелген жүздөгөн, миңдеген объекттер, мүлктөр, жерлер бир күнү эле жеке менчиктерге өтүп кеткенин кандай түшүнүүгө болот? Жадакалса менчиктелүүгө жатпаган социалдык объекттер, атүгүл стратегиялык мааниси бар объекттердин жеке колдорго өтүп кеткенин кантебиз? Баары одоно мыйзам бузуулар, кызмат адамдарынын жең ичинен сүйлөшүүлөрү менен менчиктелип, андан ары үчүнчү жактарга сатылып, айтор мамлекеттен ажыратуунун ар кандай мыйзамсыз ыкмаларын пайдаланышкан. Аларды дыкат текшерип чыкканда эле канчалык мыйзам бузуулар болгонун анык болууда. Ал жерде соттун чечими менен чечилчү эч нерсе жок. Мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен менчиктелип, сатылып кеткендер, алар мамлекетке кайрадан кайтарылууга гана жатат. Миңдеген объекттерди, мүлктөрдү, жерлерди кайтаруу менен акыйкаттуулуктун салтанаты курулууда. Элдики элге кайтарылып жатат. Мамлекеттикин мамлекетке кайтарган люстрация ишке ашырылууда. Ошон үчүн “менчиктер мыйзамсыз кайтарылууда” деген сөздөрдү айтууга кымындай негиз жок. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” деген мезгилде “уурдалып” кеткендер кайра кайтарылып жатат. Мындан башкача болушу мүмкүн эмес болчу. Бул эртеби, кечпи ишке ашырылып, мамлекеттин кайра жаралуусуна, тазалануусуна жол ачылышы керек эле. Ал зор милдетти, улуу миссияны Камчыбек Ташиев ишке ашырууда.
— УКТ, криминал менен күрөш жөнүндө сөздү уласак. УКМК төрагасы УКТны толугу менен жок кыларын айтып келүүдө. Криминалсыз коом, өлкө курууга жетише алабызбы?
— Мен гезиттерде иштеп турганымда УКТ, криминалды жок кылуу боюнча көп эле жаздым. “Мыйзамдагы ууру” , “смотрящий”, “положенец” дегендердин криминалдык бийлик жүргүзүп, мамлекеттин аларга каршы кардиналдуу чараларды көрбөй, “эркелетип” турганына түшүнчү эмесмин. “Эмнеге бүтүндөй бир мамлекеттин саналуу бандиттерге алы жетпей, аларды башка жарандарды карактатып, тонотуп коюп олтурат? Саналуу бандиттерге алы жетпесе, анын эмнеси мамлекет?” деген суроолорду коёр элем. Көрсө, бийлик өзү УКТ, криминал менен коюн-колтук алышып, алар менен табакташ, устукандаш болуп, аларды саясий максаттарга пайдаланып, керектүү учурда колдоо көрсөтүп, ошондон улам коомдо “криминалга эч кимдин алы жетпейт, алардан бийлик да коркот” дегендей стереотиптик ишеним, түшүнүктөр пайда болуп калган экен. Кримдүйнөнүн анабашчылары мамлекеттик башкаруу иштерине, ЖК депутаттарын аныктаганга дейре кийлигишип, “акыл” үйрөтүп, “кеңеш” айтып калган жерде, аларга кантип каршы чыгышмак эле?
“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин кантип өлкөдөн чыгып кеткенин билебиз. Ардактуу адамдан бетер сыйлап, урматтап, мекенине узатып ийишкен. Бир нерсени баса белгилеп кетейин. 2020-жылга чейин УКТ, криминалга каршы эч кандай күрөш жүргөн эмес. Эл үчүн айтылганы менен иш жүзүндө УКТ лидерлери, криминал өкүлдөрү бийликтегилердин “колдоосунда” эле болуп келишти. Криминалга каршы чындап күрөшүүгө бийлик башындагылардын духтары, эрктери жеткен эмеспи, же алардын баш көтөрүп тургандыктары ыңгайлуу болгонбу, бирок бир чындык, өлкөнү криминалдан тазалоо жөнүндө кымындай аракет болбогон. Бир ирет Жогорку Кеңеште ИИМ министри Абдылда Суранчиев бир депутаттын УКТ мүчөсү катары каттоодо турарын айтса, ошол депутат “колуңдан эмне келет” дегендей министрге каяша айтып, министр бечара болуп туруп берген. Бул эми ачыгын айтканда, абсурддук, нонсенстик көрүнүш да. Бул жагдайдын өзү акылга сыйбайт. “Карма ууруну карма деп, ууру жүрөт” деген ушул. Өлкө жетекчилигинин эрки болбосо, УКТга каршы күрөшүүчү генералдар Суранчиевдей болуп туруп беришип, колдорунан эч нерсе келбейт экен да. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентти мурда, кийин УКТга тийешеси барлардан, криминалдык өткөнү барлардан, кылмыш кылып, сот жоопкерчилигине тартылгандардан тазалап чоң эрдик кылды. Бул анын күрөшүнүн системалуу экенин көрсөтөт. Болбосо, УКТга каршы күрөш жүрүп жатса, парламентте криминалга тиешеси барлар акыл үйрөтүп, өлкөнү башкаруу иштерине катышып олтурса, кандай болмок?
Криминалдашкан, УКТ өнүккөн мамлекеттин келечеги жакшы болбойт. Бул өңүттөн алганда, биз кошуналардан алдыдабыз. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн ошол коомдо криминалдын болбогону да чоң мааниге ээ. Мамлекеттеги прогресс жалаң эле экономикалык көрсөткүчтөр менен өлчөнүп, бааланбайт. Кыргызстанда криминалдык дүйнөнүн анабашчылары жок кылынды, майда-чүйдөлөрү четинен кармалууда. Криминалдык жашооңорду токтоткула деп калгандарына эскертүү берилүүдө. Алардын абактардагы бийлик жүргүзүүлөрү токтотулду. Мындай иштер кошуна өлкөлөрдө болгон жок. Мисалы, Өзбекстандагы кримавторитет Салим Байбачанын кылы кыйшая элек. Өзүнүн командасы менен криминалдык доорун сүрүп жатат. Азырынча генералдарынын, коомчулугунун колунан эч нерсе келбей турат. Ошон үчүн алардын эли, коомчулугу Камчыбек Ташиевдин бул багытта жүргүзүп жаткан иштерине суктанууларын жашырбай соцтармактарга жазышууда.
Албетте, Камчыбек Ташиевдин криминалды тыптыйпыл кылып, аларга аёосуз сокку урган ишмердиги көптөргө жага берип жаткан жок. Бул жагдай аймактагы өлкө лидерлерин өз элинин алдында да ыңгайсыз кылып жатканы түшүнүктүү. Бирок анын иши өлкөбүздүн, элибиздин кызыкчылыгына, мүдөөсүнө туура келет. Криминалсыз коом куруу – бул өсөр өлкөнүн, прогрессивдүү коом курууну каалаган мамлекеттин кылар иши. Бул жагынан алганда, Камчыбек Ташиев бүгүнкү күндүн анык баатыры. Аны колдоп, кубаттап, колуна кол, бутуна бут болушубуз керек. “Колдо бар алтындын баркы жок болбой”, Камчыбек Ташиевдин кадырына жетип алсак дейм. Эртең бир учур келип, бул кишидей адамга зар болуп, карайлап, андайды таппай калышыбыз ыктымал. Анткени, ал жалгыз, анын кылган ишин башкалар кыла алабы, жокпу, бир кудай билет...
— Коррупцияга каршы күрөштүн, мыйзамсыз менчиктелип, таланып-тонолгондорду кайтаруунун натыйжасында мамбюджеттин кирешеси артып, “кустурулган” каражаттарга жүздөгөн социалдык объекттер курулуп, жолдор салынууда. Бул албетте, жакшы. Бирок коррупция менен күрөшүү аягына чыгарылгандан кийин бюджетибиз кантер экен...
— Сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Туура айтасыз, коррупция менен күрөшүүдөн 300 млрд. сомдон ашык мүлк, активдер түрүндө каражат мамлекетке кайтарылды. “Кустурулган” каражаттар оң, сол капчыктарга түшпөй, түз мамбюджеттин эсебине, Президенттин турукташтыруу фондуна которулуп, ал каражаттарга көптөгөн социалдык долбоорлор ишке ашырылды жана ашырылууда. Бул жагынан мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө сезилерлик колдоо болуп жатат. Республикалык бюджеттин көлөмүнүн 1 трлн. сомду чапчып баратканында УКМКнын, анын башында турган Камчыбек Ташиевдин эмгеги чоң. Бирок эртеби, кечпи мыйзамсыз менчиктелгендердин баары кайтарылып, уурдалгандардын баары “кустурулуп”, коррупцияга каршы күрөшүүдөн азыркыдай каражат түшпөй калары талашсыз. Муну президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эң жакшы түшүнүп жатышса керек. Демек, мындан ары коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттарды ички инвестиция катары өндүрүшкө, жумушчу орундарын түзүүгө жумшап, бюджеттин салыктык кирешелерин арттырууну ойлошубуз керек. Кыргызстан үчүн завод, фабрикаларды ачып, өндүрүштү, экспортту өнүктүрүү менен гана бюджеттин кирешесин толтуруудан башка жол жок. Ошон үчүн президентибиз бул маселе үстүндө активдүү иш алып барып, инвестиция тартууга катуу аракет кылып келүүдө. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында, бир катар ири өндүрүш объекттери мамлекетке өткөрүлдү. Ошолорду 100 % мамлекеттин үлүшү менен иштетсек, максатка ылайыктуу болмок. Кирешеси да, төккөн салыктары да бюджетке түшүп, жетишилген бюджеттин көлөмүн кармоого, андан ары өстүрүүгө мүмкүндүк бермек.
Азыркы учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулууда. Ал иштей баштаса, миңдеген жарандар жумуш ордулары менен камсыз болуп, транзиттик жүк ташуулардан жылына 200 млн. доллардан ашык пайда көрөрүбүз күтүлүүдө. Улуу кошунабыз Кытайдын инвестициялык мүмкүнчүлүгү зор. Алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ири завод, ишканаларды ишке киргизсек, бюджетибизге зор колдоо болор эле. Учурда Бишкектин четине Кытайдын авто унаа чыгаруучу заводу курулууда. Бул да келечекте бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө салым кошот. Булардан сырткары, Манас шаарынын жанындагы Барпы айылына логистикалык борбордун курулушу башталды. Ушундай эле ири логистика Дордой базарынын ары жагына курулуп жатат. Мына ушул ж.б. долбоорлор келечекте бюджетибизди бөксөртпөй, тескерисинче көбөйтүп, мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп ойлойм. Ансыз коррупция менен күрөшүүдөн бюджетти толтуруу убактылуу эле иш.
— Мурда коррупциялык кылмыш кылгандар уурдагандарын ордуна койсо, үй абагына чыгарылып, жазалары жеңилдетилип жаткан. Эми мындан ары толук кандуу жаза мөөнөттөрүн өтөп, үй-мүлктөрү конфискациялана баштады. Жазаны минтип катаалдаштыруунун зарылчылыгы бар беле?
— Коррупция боюнча мыйзамдарга, Кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, жазаны катаалдантуу кырдаал талап кылган иш болду. Антпесе, коррупция тыйылбай эле кайра күчөй баштабадыбы. Бул потенциалдуу коррупционерлерде, чиновниктерде тобокелдиктерге барууну күчөтө баштайт экен. “Акчанын бир бөлүгүн кайтарып, абактан кутулуп кетсе болот экен” деген ишенимди пайда кылып, кайра эле коррупциялык кылмыштарды шарттап, түбү келип коррупцияны күчөтө баштады. Эгерде башкы максат коррупцияны алдын алып, аны ооздуктап, чиновниктердин коррупциялык кылмыштарга барууларын токтотуу болсо, анда мындай жагдайда коррупцияны жеңүүгө таптакыр мүмкүн болбойт. Башында мен дагы кармалгандарга гумандуулук принциптери колдонулуп жаткандыктарын колдогом. “Оор кылмыш эмес, уурдаган акчаларын ордуна койсо, эскертүү берип, үй абагына, апробацияга чыгарып койгону туура эле, абактарды адамдарга толтурганда эмне...” деген ойлорго жетеленгем. Бирок гумандуулук принциби бизге жарашкан жок. Ал коркуу, кооптонуу сезимдерин пайда кылып, эстерине, акылдарына келтира албады. Ошондуктан жазаларды күчөтүп, үй-мүлктөрүн конфискациялоо, жакындарын мамкызматтарга жолотпоо тартиби кабыл алынды. Бул сөзсүз түрдө оң таасирин бериши керек. Эми бул чиновник, мамкызматкерлерди эле эмес, алардын жакындарын, туугандарын да ойлонто баштайт. Эч ким жакындарынын кызматтарынан кол жууп, келечектерине балта чабылып, үй-бүлөлөрү көчөдө калышын каалабайт. Ушул жагдай коррупциялык кылмышка барууда чындап ойлондура баштайт. Ушундай катаал чаралар, жазалар менен гана коррупцияын жеңе алабыз. Башка жолун көрбөй турам.
— Камчыбек Ташиев алгач УКМКга жетекчи болуп келгенде, ар кандай сөздөр, пикирлер айтылды эле. Ал бул кызматты аркалоо менен президенттин, элдин ишенимин канчалык деңгээлде аткара алды деп ойлойсуң?
— Биринчи кезекте Камчыбек Ташиев УКМКны аты улук, бирок супарасы курук болгон абалдан чыгарып, саясий буйруктарды аткаруу менен гана алектенип калган органды материалдык-техникалык базасы күчтүү, өзүнүн мамлекеттик башкаруу системасындагы милдетин, максатын так билген, коррупция, криминалга каршы системалуу иш алып барган, өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылууда натыйжалуулугун көрсөтүп жаткан зор органга айландыра алды. Бул жагынан аны Сингапурдун негиздөөчүсү Ли Куан Ю менен АКШнын атайын кызматын өмүрүнүн аягына чейин жетектеп, зор, кубаттуу, таасирдүү органга айландырган Жон Эдгар Гуверге салыштырсак болот. Ли Куан Ю да коррупция менен күрөшүүдө айыгышкыс позицияны карманып, жакындарын, досторун, тууган-туушкандарын аяган эмес. Ошондой бекемдиги, туруктуулугу менен коррупцияны жеңе алды. Камчыбек Ташиев да коррупцияга каршы турууда эч кимди аябастыгын көрсөтүүдө. Ал эми Жон Эдгар Гувер илең-салаң иштеп жаткан атайын кызматтын башына дайындалгандан кийин баарыбыз билген бүгүнкү ФБРди түптөгөн. Материалдык-техникалык базасын мыктылап, агенттерди жумушка алууда талаптарды катуулатып, аларды даярдоочу атайын мектепти түзгөн. Уюшкан кылмыштуулукка, гангстерлерге, бандиттерге, АКШнын ички, тышкы коопсуздугуна коркунуч келтиргендерге каршы аёосуз күрөш жүргүзгөн. АКШнын элинин коопсуздугун камсыз кылууну өзүнүн башкы милдети катары көргөн. Өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча АКШнын коомчулугуна ачык болуп, жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматтарды берип, элди кабардар кылып турган. Камчыбек Ташиев да Гувер сыяктуу коррупцияга, криминалга, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтиргендерге карата жигердүү иш жүргүзүүдө. УКМКдагы атмосфераны жакшыртып, ал жердегилердин мекенчилдик сезимдерин ойготуп, мекенге, элге кызмат кылууга шыктандырып, атайын кызматка элдин, коомчулуктун сыйын арттырып, ишенимин жаратууга жетишти. Камчыбек Ташиев да Гувер сыяктуу элге, коомчулукка ачык, жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтарды берип турат.
Камчыбек Ташиев УКМКга келгенге чейин анын ишмердиги Бишкек шаары, Чүй облусу менен чектелип, райондордогу бөлүмдөрү дээрлик иштечү эмес. Эч кандай шарттары жок, авариялык абалдагы кеңселерде отурса, каяктан сапаттуу, натыйжалуу иш болот? Бүгүн УКМКнын бардык райондордогу бөлүмдөрүнүн имараттары жаңыланып, иштөө үчүн бардык шарттар түзүлдү. УКМКнын өзүнүн Академиясы негизделди. Келечектеги чекисттер элибиздин улуттук өзгөчөлүктөрүн, улуттук баалуулуктарын эске алуу менен даярдала баштады. Бул жагынан алганда, Камчыбек Ташиев президенттин эле эмес, жалпы элдин ишенимин актай алды. Алгач дайындалганда, айрымдарга УКМКны Ташиевдин жетекчилигинде көрүү кыйынга турса, бүгүн УКМКны Ташиевсиз элестетүү мүмкүн эмес болуп калды.
— Камчыбек Ташиев өзүнүн ишмердүүлүгү, позициясы менен карама-каршылыктуу фигурага айланды. Сен үчүн Камчыбек Ташиев ким?
— Бул суроого түз жооп берүүдөн мурда кыска экскурс жасап кетейин. Эсиңерде болсо, 2022-жылы Президенттин Жарлыгы менен Камчыбек Ташиевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку наамы берилген. Ошондо көптөр кайчы пикирлерди, көз караштарды жазышкан. Мен бул эң жогорку мамлекеттик наам аванс катары берилгенин, алдыда Камчыбек Ташиев өзүнүн иши менен бул наамды жөн эле албаганын көрсөтөт, далилдейт деп жазгам. Ошондой болду. Президент наамды тапшырып жатып, Камчыбек Ташиевдин чек араларды чечүүдөгү, коррупция, криминал менен аёосуз күрөшүүдөгү ишмердүүлүгү, 2010-жылдын июнундагы окуялардагы эрдиги үчүн берилгенин айткан. Чынында бул наамды ыйгаруу менен президент Камчыбек Ташиевге дем, күч-кубат, кайрат берүүнү, жигердүү иш алып барууга шыктандырууну көздөгөндүгү талашсыз. Анткени, Камчыбек Ташиевдин чек ара, коррупция, криминал боюнча ишмердиги жаңыдан гана башталып, бүгүнкүдөй натыйжаларга жетишери али белгисиз болчу. Бүгүн болсо генерал-полковник замандын анык Баатырына айланды, ага Баатырдыкты эл, мезгил өзү ыйгарды.
Эми сурооңузга түз жооп берейин. Камчыбек Ташиев мен үчүн учурдун феномени. Мезгил, кырдаал жараткан чыныгы лидер, мамлекеттик жана саясий ишмер. Кыргыз эли дегенде күйүп-жанган элдик генерал. Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасында эле эмес, кыргыз элинин аң-сезимине, ишенимине, түшүнүктөрүнө, кабыл алууларына революция жасаган инсан. Элибиздин уучу куру эместигин далилдеп, элибизде эртеңки жакшы күнгө, жаркын келечекке ишеним жандырып, өлкөнүн, элдин үмүтүн актап, ыраазычылыктарына ээ болуп жаткан адам. Манастай кайраты, духу, жүрөгү бар, эч нерседен артка кайтпаган, жалтанбаган, майтарылбаган эрки бар элдин уулу. Анан албетте, криминал менен коррупцияга аёосуз сокку уруп, мыйзамдуулукту орнотуп, өлкөбүздүн кайра жаралуусу, жандануусу үчүн жан үрөп иштеп, Кыргызстандагы 60 генерал 30 жылда кыла албаганды 5 жылда кылууга жетишкен чыныгы генерал!
— Маегиңизге рахмат!