www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште сексуалдык кылмыштар боюнча айрым жазаларды кайра карап чыгуу сунушталды.
Депутат Айсаракан Абдибаева жашы жете элек кыздын жашын билбеген учурларды өзүнчө кароону, айрым иштерде пробация жана тараптардын жарашуусуна мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштады.
Депутат өз сөзүндө: "Өспүрүмдөр өздөрү келип, "менин жашым 18-19да" деп айтышат, бирок кийин паспорту боюнча жашы жете элек болуп чыгып жатат. Андай учурда муну кантип аныкташ керек? Эгер жаш жигиттер ал кыздын жашы жете элек экенин билишсе, мындай жолго барышмак эмес да. Жашы жете элек экенин билбей туруп ушундай кылмышка барган болсо, сотторго да аны актоого мүмкүнчүлүк берилмек", - деп белгиледи.
Башкы прокуратура 16 жашка чыга элек өспүрүмдөргө байланыштуу иштерде жарашууга жол берилбей турганын билдирди.
Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча чечим азырынча кабыл алына элек.