www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Flydubai авиакомпаниясынын учагын кыйратууга аракет кылган учкуч Сауд Арабиясына конгондон кийин камакка алынды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Учурда кесиптешине бычак менен кол салган адамды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суракка алып жатканы айтылды. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирген.
РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, Flydubai учагын авиакомпаниянын жүргүнчүлөр арасында болгон кызматкерлери коопсуз кондура алышкан. Авиакомпания азырынча учкучтардын ортосундагы жаңжалдын себебин ачыктаган жок.
30-сентябрдын таңында Flydubai учагынын экинчи учкучу өзүнүн кесиптешине бычак менен кол салган. Маалыматтарга караганда, ал учакты басып алып, жерге кулап түшүрүү аркылуу авиакырсык уюштурууга аракет кылган. Бирок кызматтан тышкары бара жаткан эки учкуч жүргүнчүлөрдүн жардамы менен аны кармап, учакты Сауд Арабиясына коопсуз кондурушкан.