www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун курууга багытталган ири инфраструктуралык долбоор боюнча маанилүү каржылык кадам жасалды. Долбоорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн Биргелешкен долбоордук компания менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана ЭксимБанк кирген Кытайдын банктар синдикаты ортосунда насыялык макулдашууга кол коюлду. Аземге Кыргызстандын атынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.
Өкмөт долбоордун баасы 4,7 млрд доллар деп бааланганын, Кытай 2,3 млрд доллардын тегерегинде каражатты үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоордук компанияга 35 жылга насыя катары берип жатканын белгилейт.
“Бул насыяны Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин Биргелешкен долбоордук компаниясы төлөйт. Ал эми калган 2,3 млрд долларды үч мамлекет чогуу чыгарат, сумманын 51% Кытай берсе, Кыргызстан менен Өзбекстандын ар бири 24,5% чыгарат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Темир жол “Кашкар–Торугарт–Макмал–Жалал-Абад–Анжиян” багытында түшөт. Узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 312 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Темир жолдун 40% туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Расмий маалыматка ылайык, темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткарат.