www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Европа Бирлигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү, Европа комиссиясынын вице-президенти Кая Каллас менен жолугушту. Жолугушуу 24-сентябрда Нью-Йоркто өттү.

Тараптар Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын кеңири багыттарын талкуулашты. Анын ичинде транспорт, энергетика, жашыл экономика жана санариптештирүү тармактарындагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорго көңүл бурулду.

Жээнбек Кулубаев соода, инвестиция жана транспорттук байланыш жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кая Каллас Кыргызстандын эки тараптуу саясий кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган демилгелерин колдоп, өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушууда санкцияларды мүмкүн болуучу айланып өтүүгө жол бербөө маселеси да талкууланды. Кулубаев кыргыз тарап жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын бул маселе боюнча позициясын ЕБ өлкөлөрүнө жана тиешелүү түзүмдөрүнө жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар санкцияларга байланыштуу маселелер боюнча диалогду улантып, пайда болгон суроолорду өз убагында карап, өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгууга макулдашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен программаларды жана демилгелерди ишке ашыруу үчүн активдүү диалогду улантууну макулдашты.

Жээнбек Кулубаев Кая Калласты Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Последние новости