www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура ишкердик субъектилердин салыктык түйшүгүн азайтуу боюнча мыйзам талаптарынын аткарылышын текшерип, мыйзам бузуу фактысын аныктады.
Маалыматка ылайык, «П» ЖЧКсынын 950 миң сомдон ашык салык карызы мыйзамга ылайык эсептен чыгарылууга тийиш болгон. Бирок компания бир нече жолу кайрылганына карабастан, карызды өз убагында эсептен чыгаруу боюнча чара көрүлгөн эмес.
Тескерисинче, компаниянын ашыкча төлөгөн каражаттары аталган салык карызын жабууга автоматтык түрдө чегерилген.
Прокурордук чара көрүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарындагы тиешелүү салык органы тарабынан ишкананын салык карызы толугу менен эсептен чыгарылды.
Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматы эсептен чыгарылууга тийиш болгон салык карыздарын ашыкча төлөнгөн суммалардын эсебинен автоматтык түрдө жабууга жол бербөө боюнча чараларды көрдү.
Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жана мамлекеттик органдардын мыйзам талаптарын так сактоосун камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.