www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында шаардын күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, айтыштын максаты — Ош шаарынын тарыхын жана маданий мурасын даңазалоо, улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүү.

Акындардын тандоо туру 1-октябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Түштүк аймагындагы акындар үчүн тандоо туру 3-октябрда саат 10:00дө Ош шаарында уюштурулат.

Тандоонун жыйынтыгында эң көп упай топтогон 12 акын финалга өтөт.

Финалдык айтыш 3-октябрда саат 17:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт.

Айтыш упайлык система менен өткөрүлүп, акындардын жуптары чүчүкулак аркылуу аныкталат. Баалоодо төкмөлүк чеберчилик, сөз байлыгы, теманы ачып берүү жөндөмү, үн, комуз чертүү деңгээли жана сахна маданияты эске алынат.

Айтыштын жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Иш-чараны Ош шаарынын мэриясы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурууда.

Последние новости