www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында бир катар профилактикалык иш-чараларды өткөрдү.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-сентябрда УКМКнын имаратында оперативдүү эсепте турган, мурда уюшкан кылмыштуу ишмердүүлүккө катышканы үчүн соттолгон, ошондой эле криминалдык чөйрөдө бейрасмий абалды ээлеген адамдар менен профилактикалык маектешүү өткөрүлгөн.
Жолугушууда Кыргызстандын Конституциясынын, кылмыш-жаза мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптары түшүндүрүлдү.
Анда уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине катышууга, аларга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле кылмыштуу идеологияны жайылтууга жана үгүттөөгө жол берилбестиги белгиленди.
УКМКнын маалыматына караганда, мындай профилактикалык иш-чаралар мыйзамдуулукту бекемдөө, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана уюшкан кылмыштуулук өкүлдөрү тарабынан укук бузуулардын алдын алуу максатында туруктуу негизде жүргүзүлөт.