www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Чүй облусунда алтын куймаларды контрабандалык жол менен алып чыгуу аракетинин алдын алуу боюнча атайын операция жүргүзүлдү.
УКМКнын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жалпы салмагы 3 300 граммды түзгөн алтын куймалар аныкталган. Алтындын жалпы баасы 40 миллион 512 миң 458 сомду түзөт.
2026-жылдын 24-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышты уюштурган деп шектелген жана алтын куймаларды ташып жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары — 1970-жылы туулган У.Х.Д. жана 2000-жылы туулган У.А.Л. кармалган.
Кармалган жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда укук коргоо органдары кылмыштын бардык жагдайларын тактоо жана баалуу металлдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.