www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышы ишин расмий баштады. Эми мамлекеттин саясий маданияты кандай нукка бурулат деген ой-толгоолор күч. Анткени парламент эл менен бийликтин ортосундагы негизги көпүрөлүк милдетти аткарат. Ал көпүрө бекем болобу же жасалма бойдон калабы деген маселе жаңы шайланган депутаттардын деңгээлине, принципиалдуулугуна жана жоопкерчилигине түздөн-түз байланыштуу көрүнүш.

Арийне, парламенттин негизги ролу бул мыйзам чыгаруу, анын аткарылышын көзөмөлдөө жана элдин үнүн бийликке жеткирүү. Демек, депутат аткаруу бийлигинин кошоматчысы эмес, элдин үнү болуп, мамлекеттеги маанилүү маселелерде коңгуроо болуп кагылып турушу зарыл. Ошондо парламентте чындык, сын-пикир айтылып талкуу болот. Антпесе, президент айткандай, жол, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык маселелердин деңгээлиндеги соодалашуу менен алектенишип, паралменттин кадыр-баркын, аброюн түшүргөнгө гана себепчи болушат. 

Арийне, Президент Садыр Жапаровдун бул көрүнүштү ачык айтып, ага чек коюларын эскерткен билдирүүсү, парламенттин өз алдынчалуулугуна кооптуулук жараткан маанилүү сигнал десек болот. Дегенибиз, депутаттар президенттин же аткаруу бийлигинин айтканы менен гана чектелсе, анда парламент формалдуу органга айланып калуу коркунучу бар. Демократиялык системада парламент бийликке ыңгайлуу эмес суроолорду берип, коомдогу көйгөйлөрдү ачык айтууга тийиш. Чындык парламенттин трибунасынан айтылбаса, анда кайдан айтылат? Эгер депутаттар президенттин айтканын гана аткарган органга айланса, анда эл өкүлчүлүгү деген түшүнүк маанисин жоготот. 

Албетте, Жогорку Кеңештин аброю эл өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги, принципиалдуулугу жана элдин кызыкчылыгын коргой билүүсү менен өлчөнөт. Эл үчүн иштеген парламент бийлик үчүн ыңгайсыз болушу мүмкүн. Бирок дал ошондой парламент гана мамлекеттин келечегине кызмат кылат. Ал үчүн депутаттын деңгээли бийик, билими терең, моралдык позициясы бекем болушу абзел. 

Айтор, бул чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары бийликтин айтканын аткарган “балык депутаттын” кейпин кийип унчукпай отурушабы же элдин үнү болуп тайманбай сүйлөп, чындыктын, калыстыктын үнү болушабы аны убакыт көрсөтөт. Бирок бир нерсе анык, эгер парламент эл үчүн иштесе, ал күчтүү институтка айланат. Ошондо гана Жогорку Кеңеш чыныгы эл өкүлчүлүк органы боло алат. Эгер соодалашуу менен ыңгайлуулукту тандаса, анда кезектеги “кол бала” катары тарыхта калат.

Последние новости