www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарында Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору статусун Манас шаарынан Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарына өткөрүп берүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Аземге Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, Анкара губернаторунун орун басары Иззеттин Севгили баштаган Түркиядан келген расмий делегация, ошондой эле билим берүү мекемелеринин студенттери катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө эки боордош элдин тарыхый достугун, маданий жана руханий байланыштарын даңазалаган сахналаштырылган көркөм программа көрсөтүлүп, кыргыз жана түрк элдеринин улуттук чыгармалары жаңырды.
Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков өз сөзүндө Анкара шаары менен достук мамилени мындан ары да өнүктүрүүгө ниет бар экенин белгилеп, эки шаардын кызматташтыгы туризм, маданият, билим берүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу багыттарында өз ара пайдалуу, узак мөөнөттүү өнөктөштүккө кеңири жол ачарын билдирди.
Өз кезегинде Анкара губернаторунун орун басары Иззеттин Севгили көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Манас шаарынын жетекчилигин Анкара шаарына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Иш-чаранын негизги бөлүгүндө Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору статусу Манас шаарынан Анкара шаарына расмий түрдө өткөрүлүп берилип, тиешелүү символикалык ачкыч Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тарабынан Анкара губернаторунун орун басары Иззеттин Севгилиге тапшырылды.
Белгилей кетсек, Манас шаары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Түрк мамлекеттер уюму тарабынан колдоого алынып, 2025-жылга Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыяланган.