www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда коомдук транспорттун ичинен жүргүнчү кулап кеткен учур чагылдырылган видео тарады.

Маалыматка ылайык, видеодо эки жүргүнчүнүн ортосунда сөз талаш чыгып, жаңжал учурунда алардын бири экинчисин түртүп жибергени байкалат. Окуя айдоочу унааны аялдамадан тышкары, жолдун жээгине токтотуп, эшикти ачкан учурда болгон. Натыйжада түртүлгөн жүргүнчү кулап кеткен.

Белгиленгендей, кулап кеткен жаран райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган эмес жана дооматтары жок экенин билдирген.

Ошол эле учурда, текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочунун жол кыймылынын эрежелерин бузуп, коомдук транспортту белгиленбеген жерде токтоткону аныкталган. Аталган факты боюнча айдоочуга карата мыйзам талаптарына ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы айдоочуларды коомдук транспортту башкарууда белгиленген токтотуучу жайларды гана пайдаланууга жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун толук камсыз кылууга чакырат, деп билдирди МККБнын басма сөз кызматы.

Последние новости