www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган 30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын «Жаш булбул» аталышындагы республикалык айтышы өттү. Бул тууралуу Манас театрынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Асман паркынын амфитеатрында өткөн айтышка тандоо турунан өткөн 12 жаш төкмө акын катышып, өз ара өнөр сынашты.
Айтышта жаш акындар курч сөзү, тапкычтыгы жана төкмөлүк чеберчилиги менен айырмаланып, көрүүчүлөргө кызыктуу чыгармачылык таймаш тартуулашты.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Баш байге — Ырыскелди Темирбеков
1-орун — Алия Имерова
2-орун — Мажит Жакыпов
3-орун — Нурболот Темирали уулу
«Жаш булбул» республикалык айтышы жаш төкмө акындарды колдоо, алардын чыгармачылык дараметин арттыруу жана кыргыздын айтыш өнөрүн жаш муун арасында өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.