www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров жалпы билим берүү уюмдарын заманбап окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизги максаты — мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп берген окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди даярдоо, басып чыгаруу жана мектептерге жеткирүүнүн бирдиктүү системасын түзүү.

Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 8,5 млрд сом бөлүнөт.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Министрлер Кабинетине 2027–2030-жылдарга карата жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгып, бекитүүгө киргизүү тапшырылды.

Мындан тышкары, окуу программаларын, окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди кайра карап чыгуу жана жаңыларын иштеп чыгуу үчүн Министрлер Кабинетинин алдында мамлекеттик ведомстволор аралык комиссия түзүлөт.

Ошондой эле окуу адабияттары мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана заманбап методикалык талаптарга канчалык деңгээлде жооп берерин баалоо үчүн экспертиза жүргүзүлөт. Окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыга турган авторлорду тандоо жана бекитүү тартиби да каралат.

Жаңы механизмдин алкагында ар бир окуу китебине жана окуу-методикалык комплекске уникалдуу QR-код коюу сунушталууда. Анын жардамы менен китептин кайсы аймакка, мектепке, класска жана окуучуларга жеткирилгенине чейин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Жарлыкта белгиленген чараларды ишке ашыруу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуучулардын интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим алууга шарт түзүүгө багытталган.

Последние новости