www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 18–24-сентябрь күндөрү Кыргызстанда 38 531 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) маалымдады.

Маалыматка ылайык, аныкталган мыйзам бузуулардын ичинен:

* 5 691и — тиешелүү документтери жок унаа башкаруу;

* 395и — мас абалында унаа айдоо;

* 449у — унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу;

* 1 913ү — жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу;

* 6 034ү — транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу;

* 39у — автоээнбаштык;

* 1 572си — белгиленген ылдамдыкты ашыруу;

* 9у — жасалма мамлекеттик каттоо номери менен унаа башкаруу;

* 19 012си — башка жол эрежелерин бузуу фактылары.

Ошондой эле жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 417 унаа айып короосуна токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.

 

Последние новости