www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда ЖККУнун машыгуулары башталды

Россиянын Чебаркуль полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуулары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Машыгуулардын алкагында "Өз ара аракеттенүү–2026", "Издөө–2026" жана "Эшелон–2026" иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Аларга Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскердик контингенти катышууда. Контингенттин курамында КР Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер кызматчылары да бар.

Машыгуулардын ачылыш аземине ЖККУнун бириккен штабынын башчысы генерал-полковник А. Сердюков, ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Мирлан Тургунбеков, аскердик контингенттердин жетекчилери жана өздүк курамы катышты.

Последние новости