www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс NBC News телеканалына берген маегинде Вашингтондогу мыйзам чыгаруучуларды жасалма интеллекттин өнүгүшүн жөнгө салууга чакырды.
Билл Гейтстин бул чакырыгы өлкөдөгү эң ири жасалма интеллект лабораторияларынын жетекчилери бул тармактагы өнүгүүнүн ылдамдыгын басаңдатуу зарылдыгы тууралуу макулдашкандан бир нече жума өткөндөн кийин айтылды.
- Аткаруучу бийлик органдары жана саясатчылар коопсуздук чаралары менен мониторинг кандай жүргүзүлүшү керектигин талкуулоого катышышы зарыл. Бул милдеттүү шарт болушу керек. Жасалма интеллект, талашсыз, ушунчалык күчтүү курал болгондуктан, ал 1 миллиард адамдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон окуяларга себеп боло алат. Буга чейин кара ниет адамдар тарабынан жасалма интеллекттин эң жаңы инструменттерин айкалыштырып колдонуусундай күчтүү курал эч качан болгон эмес, - деди Билл Гейтс.