www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын апрель айында Бишкектин Жал кичи районунда 27 жаштагы келин эки баласы менен алтынчы кабаттан кулап кеткен. Окуянын кесепетинен келин менен анын наристеси каза болуп, 4 жаштагы кызы оор абалда ооруканага түшкөн.

4-июнда бул окуя боюнча соттук процесс Бишкектин Ленин райондук сотунда башталган. Маркум келиндин эжеси Айкандын айтымында, биринчи соттук отурум белгисиз себептерден улам 4-июлга жылдырылган.

Анын айтымында, учурда ооруканадан чыккан маркумдун кызы менен уулу таята-тайнесинин колунда тарбияланып жатат.

«Сиңдимдин кызы ошол күнү эмне болгонун толук айтып бере албайт. Ал селкинчекте отурганын, атасы түртүп жиберип жыгылып калганын гана эстейт. Катуу коркуп калганы байкалат. Жүрөгүбүздү эзгени — күн сайын апасына телефон чалып, үн билдирүүлөрдү жөнөтүп жатканы.

“Качан келесиң?”, “Кайда жүрөсүң?” деп билдирүү калтыра берет. Анан бөбөгүн сурап, аны сагынганын айтат. Атасына болсо “балдарды сен айыктырчу элең го, мен ооруканада жатканда эмнеге келген жоксуң?” деп жазат. Мындай сөздөрдү окуганда көзгө жаш келет.

Эркек баласы дагы бир аз өзүнө келип, атасы апасына кол көтөргөн учурлар болгонун айтып жатат. Күйөө балабыздын жакындары ортого адамдарды салып, тосмо арыз жазып берүүбүздү суранып келишүүдө. Бирок бизге акыйкаттык гана керек. Ал эми камактагы күйөө балабыз бардык күнөөнү өзүнө алып жатканын угуп жатабыз. Калганын сот чечет», — деди Айкан.

Ал ошондой эле учурда балдар менен психологдор иштеп жатканын жана аларга мындан ары да реабилитациялык жардам керек экенин кошумчалады.

Эске салсак, 2026-жылдын 4-апрелинде болжол менен саат 18:11де Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына медициналык мекемеден билдирүү түшкөн. Анда 2021-жылы туулган бала реанимация бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ошол эле күнү саат 17:10 чамасында Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан 1999-жылы туулган аял эки жашы жете элек баласы менен кошо кулап кеткен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси («Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү») менен кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк маркум келиндин күйөөсү, 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран шектүү катары кармалган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын негизинде өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө.

Редакция шектүүнүн жана анын жакындарынын позициясын жарыялоого даяр.

Последние новости