www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бөйрөк ооруларына чалдыккандардын саны акыркы бир жылда 20% өстү. Учурда өлкөдө 250 миңден ашык адам бөйрөк оорусу менен жашаса, алардын 4400ү гемодиализ аппаратына көз каранды.
Дарыгерлер оорунун көбөйүшүнө таза суунун жетишсиздиги, суунун сапатынын начарлашы, туура эмес тамактануу жана климаттын өзгөрүшү себеп болуп жатканын белгилешет. Айрыкча абанын ысышы организмдин суусузданышына алып келип, бөйрөккө күч келтирет. Мындан тышкары, минералдарга жана зыяндуу заттарга бай суулар бөйрөктө таштын пайда болушуна шарт түзүүдө.
Адистердин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы урологиялык оорулардын 40–45 пайызын заара-таш оорулары түзөт. Жыл сайын жасалган 3,5 миңдей бөйрөк операциясынын үчтөн бири таш алууга байланыштуу.
Нефрологдор эгер учурдагы тенденция улана берсе, жакынкы беш жылда гемодиализге муктаж бейтаптардын саны 15 миңден ашышы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Ошондой эле өлкөдө таза суу маселеси курч бойдон калып, 1178 айыл дагы эле сапаттуу ичүүчү суу менен толук камсыздалган эмес.
Адистер климаттын өзгөрүшү менен калктын саламаттыгынын байланышын терең изилдеп, суунун сапатына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилешүүдө.