www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК Чүй облусунда диний экстремисттик идеологиянын жайылышына каршы туруу жана диний кырдаалды жакшыртуу боюнча иш-чаралардын алкагында тыюу салынган "Якын-Инкар" диний кыймылынын 11 мүчөсүнө карата алдын алуу жана түшүндүү иш-чараларын жүргүздү.
Ошондой эле Чүй облусунун казыятынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тыюу салынган диний агымдын тарапкерлери өздөрү тандаган жолдун жаңылыш экенин моюнга алышып, экстремисттик көз караштарды айыптап, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактоого даяр экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, УКМК тарабынан мусулмандардын дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте калк арасында туруктуу негизде түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп келет. Бул иш-чаралар жарандарды интернет мейкиндигинде диний темалар боюнча тараган маалыматтарга кылдат мамиле кылууга, Ислам дининин негиздерине каршы келген жалган убадаларга жана жаңылыш агымдарга алданбоого чакырууга багытталган. Ошондой эле мамлекет тарабынан ар бир жарандын дин тутуу эркиндиги урматталып жана колдоого алынары, бирок радикализмдин, экстремизмдин жана зомбулуктун бардык көрүнүштөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында токтотулары белгиленип келет.